Кене активдүүлүгү күчөгөн мезгилдин башталышына байланыштуу Кыргызстанда кене энцефалитинин алдын алуу боюнча иштер күчөтүлдү.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери, ошондой эле Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды алдын алуу борбору, Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан маалыматтык жана уюштуруучулук иш-чаралардын топтому жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчилиги менен көчмө жыйын өткөрүлдү.
Саамалыктын катышуучулары актуалдуу тобокелчиликтерди талкуулап гана тим болбостон, парктын конокторунун арасында кене чаккан учурларды азайтуу боюнча кошумча чараларды ишке киргизишүүдө.
Келүүчүлөрдү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда: парктын аймагындагы LED-экрандарда көрсөтүлө турган профилактикалык видеороликтер даярдалууда. Алар жаратылышта коопсуз жүрүм-турум эрежелерин жана кенеден коргонуу чараларын эске салат.
Жүргүзүлүп жаткан иштер калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана кенелердин сезондук активдүүлүгү күчөгөн мезгилде тобокелчиликтерди азайтууга багытталган.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР, Жугуштуу оорулар
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
5