ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленет: алдын алууга жана илимдин ролуна басым жасалат

7

Жыл сайын 7-апрелде бүткүл дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ден соолуктун негизги маселелерине жана оорулардын алдын алууга көңүл бурдурууга багытталган демилгеси – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленет.

2026-жылы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү “Ден соолук үчүн биргеликте. Илим менен биргеликте” урааны астында өтүп жатат жана ден соолукту коргоонун кызыкчылыгында кызматташууга жана илимдин ролуна арналган глобалдуу кампаниянын башталышы болмокчу.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өкмөттөрдү, медициналык жамааттарды жана коомчулукту илимий негизделген маалыматтарга таянууга, саламаттык сактоо системасына карата ишенимди чыңдоого жана адамдарды, жаныбарларды жана курчап турган чөйрөнү “Бирдиктүү ден соолук” концепциясынын алкагында коргоо үчүн натыйжалуу чечимдерди жайылтууга чакырат.

Бул күн – жөн гана дата эмес, бул ар бир адамдын саламаттыгы анын жашоо мүнөзү, маалыматтуулук деңгээли жана медициналык жардамга өз учурунда кайрылуусунан көп жагынан көз каранды экендиги тууралуу эскертүү.

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү калктын маалыматтуулугун жогорулатууга жана заманбап илимий жетишкендиктерди саламаттык сактоо тажрыйбасына жайылтууга багытталган масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампаниясы менен коштолот.

2026-жылы иш-чаралардын негизги багыты илим жана тажрыйбаны бириктирүү болмокчу. Өлкөдө илимий-тажрыйбалык конференциялар, билим берүү жана маалыматтык иш-чаралар өтөт.

8-апрелде Бишкек шаарында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында мамлекеттик жогорку бийлик органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көрүнүктүү окумуштуулар жана эксперттердин, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын жетекчилеринин катышуусунда илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлөт.

 Ушул сыяктуу  иш-чаралар 9-апрелде Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин базасында өтөт.

Мындан тышкары бүт өлкө боюнча төмөнкүлөр пландаштырылган:

  • калк үчүн маалыматтык кампаниялар
  • агартуу иш-чаралары жана акциялар
  • эксперттердин чыгып сүйлөөсү
  • ЖМКда жана социалдык тармактарда ден соолук темасын активдүү чагылдыруу.

Өзгөчө оорулардын алдын алууга көңүл бурулат. Эксперттер көпчүлүк ооруларды жөнөкөй чаралар – үзгүлтүксүз текшерүү, жеке гигиена эрежелерин сактоо, физикалык активдүүлүк, туура тамактануу жана зыяндуу адаттардан баш тартуунун жардамы менен алдын алууга болорун баса белгилешет.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү — бул актуалдуу чакырыктарды эле талкуулоо эмес, ошондой эле дени сак келечекти калыптандыруу үчүн мамлекет, илим жана коомдун күч-аракеттерин бириктирүү мүмкүнчүлүгү.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.