Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги АИВ-инфекциясынын алдын алуу жана коомдук саламаттыкты чыңдоо боюнча иштерин улантууда. АИВдин алдын алуунун заманбап жана илимий жактан далилденген ыкмаларынын бири — байланышка чейинки алдын алуу (БЧА же PrEP — pre-exposure prophylaxis).
АИВдин байланышка чейинки алдын алуусу — бул АИВ-инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу максатында антиретровирустук (вируска каршы) дары-дармектерди кабыл алуусу. Туура жана үзгүлтүксүз колдонулган учурда БЧА жыныстык жол аркылуу АИВди жуктуруп алуу коркунучун 90%дан ашык деңгээлде төмөндөтөт.
БЧА кимдерге сунушталат?
БЧА АИВди жуктуруп алуу коркунучу жогору болушу мүмкүн болгон адамдарга сунушталат, анын ичинде:
- туруктуу эмес жыныстык өнөктөштөр менен презервативди дайыма колдонууда кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга;
- бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарга;
- калктын аярлуу топторунун өкүлдөрүнө;
- жыныстык өнөктөшү АИВ менен жашаган адамдарга, эгер өнөктөшүнүн вирустук жүктөмү белгисиз же басаңдатылбаган болсо.
Кыргыз Республикасында БЧА кантип алууга болот?
Процесс жөнөкөйлөштүрүлгөн жана аз убакытты талап кылат:
- Кайрылуу: Республикалык, Бишкек шаардык же каалаган облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлоруна кайрылыңыз. Кызматты жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда, Жалпы дарыгерлик практика борборунда дарыгер-инфекционисттен, ошондой эле АИВдин алдын алуу жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардан алууга болот.
- Тестирлөө: АИВге акысыз экспресс-тест тапшырыңыз (БЧА АИВге тесттин жыйынтыгы терс болгондо гана дайындалат).
- Кеңеш берүү: Дарыгер ыңгайлуу кабыл алуу схемасын тандап берет (күн сайын же «керектөө боюнча»).
- Алуу: Дары-дармектер бейтапка акысыз берилет.
Билүү маанилүү:
- Кызмат республика боюнча бардык аймактарда акысыз жана купуя негизде көрсөтүлөт.
- БЧА презервативдердин ордуна колдонулбайт. Презервативдер жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын көбүнөн жана каалабаган кош бойлуулуктан коргойт.
- БЧА үчүн колдонулган дары каражаттар АИВди жаратпайт жана медициналык көзөмөл алдында коопсуз колдонулат.
- АИВге үзгүлтүксүз тестирлөө БЧА программасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналат.
Бул эмне үчүн Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү?
Байланышка чейинки алдын алууну колдонуу АИВ-инфекциясынын жаңы учурларын азайтуу жана коомдук саламаттыкты сактоо максаттарына жетүүгө багытталган Эл аралык стратегиянын бир бөлүгү. БЧАга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:
- АИВ жуктуруунун жаңы учурларын азайтууга;
- адамдардын медициналык жардамга эрте кайрылуусуна;
- стигманы жана басмырлоону азайтууга;
- жалпы калктын саламаттыгын коргоого.
Кыргыз Республикасында АИВдин алдын алуу боюнча иш-чаралар Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен саламаттык сактоо уюмдары жана коомдук уюмдардын кызматташуусу аркылуу ишке ашырылууда.
БЧА — АИВсиз келечекке карай дагы бир натыйжалуу кадам.
АИВге байланышка чейинки алдын алуусу боюнча консультацияны кайдан алууга болот?:
| Уюм | Дареги | Электрондук почта | Телефон |
| Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (РКЖВГжАИВКБ) | Бишкек ш. Я. Логвиненко көч. 8 | rospid@mail.ru | 0312 30-07-54 |
| Бишкек шаардык КЖВГжАИВКБ | Бишкек ш. Токтогул көч. 62 | spidgepbishkek@gmail.com | 0312 48-66-17 |
| Ош ОКЖВГжАИВКБ | Ош ш. Моминова көч. 10/2 | aidsosh1@gmail.com | 03222 5-56-72 |
| Жалал-Абад ОКЖВГжАИВКБ | Манас ш. Курортная көч. 37 | aidja@yandex.com | 03722 2-31-59 |
| Талас ОКЖВГжАИВКБ | Талас ш. Ч. Айтматов көч. 257 | talasspid@mail.ru | 03422 5-22-94 |
| Баткен ОКЖВГжАИВКБ | Баткен ш. Раззаков көч. 13 | batkens@inbox.ru | 03622 5-08-77 |
| Ыссыкөль ОКЖВГжАИВКБ | Каракол ш. Эшенова көч. 118 | ikspid@mail.ru | 03922 5-08-58 |
| Нарын ОКЖВГжАИВКБ | Нарын ш Раззаков көч. 1 | naryn-spid@mail.ru | 03522 5-30-54 |
| Чүй ОКЖВГжАИВКБ | Токмок ш. Комсомольская көч. 129 | chui_obl_spid@mail.ru | 03138 7-40-18 |
Ошондой эле БЧА боюнча маалыматты жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда же Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда дарыгер-инфекционисттен, ошондой эле АИВдин алдын алуу жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардан алууга болот.
Пайдалуу ресурстар:
- Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун сайты: aidscenter.kg
- Мобилдик тиркеме: «Здоровье +» (Google Play).
Categories: АИВ/ЖИКС
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
578