АИВ/ЖИКС

АИВдин байланышка чейинки алдын алуусу (БЧА) — АИВдин алдын алуунун эффективдүү ыкмасы

578

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги АИВ-инфекциясынын алдын алуу жана коомдук саламаттыкты чыңдоо боюнча иштерин улантууда. АИВдин алдын алуунун заманбап жана илимий жактан далилденген ыкмаларынын бири — байланышка чейинки алдын алуу (БЧА же PrEP — pre-exposure prophylaxis).

АИВдин байланышка чейинки алдын алуусу — бул АИВ-инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу максатында антиретровирустук (вируска каршы) дары-дармектерди кабыл алуусу. Туура жана үзгүлтүксүз колдонулган учурда БЧА жыныстык жол аркылуу АИВди жуктуруп алуу коркунучун 90%дан ашык деңгээлде төмөндөтөт.

БЧА кимдерге сунушталат?

БЧА АИВди жуктуруп алуу коркунучу жогору болушу мүмкүн болгон адамдарга сунушталат, анын ичинде:

  • туруктуу эмес жыныстык өнөктөштөр менен презервативди дайыма колдонууда кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга;
  • бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарга;
  • калктын аярлуу топторунун өкүлдөрүнө;
  • жыныстык өнөктөшү АИВ менен жашаган адамдарга, эгер өнөктөшүнүн вирустук жүктөмү белгисиз же басаңдатылбаган болсо.

Кыргыз Республикасында БЧА кантип алууга болот?

Процесс жөнөкөйлөштүрүлгөн жана аз убакытты талап кылат:

  • Кайрылуу: Республикалык, Бишкек шаардык же каалаган облустук кан    аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлоруна кайрылыңыз. Кызматты жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда, Жалпы дарыгерлик практика борборунда дарыгер-инфекционисттен, ошондой эле АИВдин алдын алуу жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардан алууга болот.
  • Тестирлөө: АИВге акысыз экспресс-тест тапшырыңыз (БЧА АИВге тесттин жыйынтыгы терс болгондо гана дайындалат).
  • Кеңеш берүү: Дарыгер ыңгайлуу кабыл алуу схемасын тандап берет (күн сайын же «керектөө боюнча»).
  • Алуу: Дары-дармектер бейтапка акысыз берилет.

Билүү маанилүү:

  • Кызмат республика боюнча бардык аймактарда акысыз жана купуя негизде көрсөтүлөт.
  • БЧА презервативдердин ордуна колдонулбайт. Презервативдер жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын көбүнөн жана каалабаган кош бойлуулуктан коргойт.
  • БЧА үчүн колдонулган дары каражаттар АИВди жаратпайт жана медициналык көзөмөл алдында коопсуз колдонулат.
  • АИВге үзгүлтүксүз тестирлөө БЧА программасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналат.

Бул эмне үчүн Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү?

Байланышка чейинки алдын алууну колдонуу АИВ-инфекциясынын жаңы учурларын азайтуу жана коомдук саламаттыкты сактоо максаттарына жетүүгө багытталган Эл аралык стратегиянын бир бөлүгү. БЧАга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:

  • АИВ жуктуруунун жаңы учурларын азайтууга;
  • адамдардын медициналык жардамга эрте кайрылуусуна;
  • стигманы жана басмырлоону азайтууга;
  • жалпы калктын саламаттыгын коргоого.

Кыргыз Республикасында АИВдин алдын алуу боюнча иш-чаралар Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен саламаттык сактоо уюмдары жана коомдук уюмдардын кызматташуусу аркылуу ишке ашырылууда.

БЧА — АИВсиз келечекке карай дагы бир натыйжалуу кадам.

АИВге байланышка чейинки алдын алуусу боюнча консультацияны кайдан алууга болот?:

УюмДарегиЭлектрондук почтаТелефон
Республикалык кан    аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (РКЖВГжАИВКБ)Бишкек ш. Я. Логвиненко көч. 8rospid@mail.ru0312 30-07-54
Бишкек шаардык КЖВГжАИВКББишкек ш. Токтогул көч. 62spidgepbishkek@gmail.com0312 48-66-17
Ош ОКЖВГжАИВКБОш ш. Моминова көч. 10/2aidsosh1@gmail.com03222 5-56-72
Жалал-Абад ОКЖВГжАИВКБМанас ш. Курортная көч. 37aidja@yandex.com03722 2-31-59
Талас ОКЖВГжАИВКБТалас ш. Ч. Айтматов көч. 257talasspid@mail.ru03422 5-22-94
Баткен ОКЖВГжАИВКББаткен ш. Раззаков көч. 13batkens@inbox.ru03622 5-08-77
Ыссыкөль ОКЖВГжАИВКБКаракол ш. Эшенова көч. 118ikspid@mail.ru03922 5-08-58
Нарын ОКЖВГжАИВКБНарын ш Раззаков көч. 1naryn-spid@mail.ru03522 5-30-54
Чүй ОКЖВГжАИВКБТокмок ш. Комсомольская көч. 129chui_obl_spid@mail.ru03138 7-40-18

Ошондой эле БЧА боюнча маалыматты жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда же Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда дарыгер-инфекционисттен, ошондой эле АИВдин алдын алуу жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардан алууга болот.

Пайдалуу ресурстар:

  • Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун сайты: aidscenter.kg
  • Мобилдик тиркеме: «Здоровье +» (Google Play).

Categories: АИВ/ЖИКС

Leave a Reply

Your email address will not be published.