Бруцеллез оорулары

БРУЦЕЛЛЕЗДУН АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ!

5

Бруцеллез — бруцелла микробдору козгоочу адамдар менен үй жаныбарларынын өтө кооптуу жугуштуу илдети. Бруцеллез менен бардык үй жаныбарлары, көбүнчө койлор, эчкилер, уйлар жана чочколор ылаңдайт.

ЭСИҢЕРДЕ БОЛСУН!!!

Эгерде чарбада бруцеллез менен ылаңдаган малдар болбосо — анда бруцеллез илдети адамдарда да болбойт.

Бруцеллез илдети адамга кантип жугат?

Бир нече жолдор менен жуктуруп алуу мүмкүн:

Контактта болуу:
малды багууда, айрыкча төлдөө маалында, музоолоп же бала салганда көмөктөшкөн учурда

Тамак-аш аркылуу:
ичилген сүт же сүт азыктары (сыр, каймак ж.б.) аркылуу

Чаң аркылуу жугуу жолу:
жүн, тери менен иштегенде, мал багылган короо-сарайларды тазалоодо

Адамдарда бруцеллез илдети кандайча байкалат?

Оорунун белгилери илдет жуккандан кийин 2–3 жумадан, кээде 1–2 айдан кийин байкалат, ал белгилер төмөндөгүчө:

  • Дене табы жогорулап, чыйрыгуу;
  • Айрыкча түн ичинде тердөө;
  • Баштын оорусу;
  • Муундаардын жана булчуңдардын оорусу, муундаардын шишип кетиши;
  • Чарчоо, кыжырдануу же тескерисинче алсыроо.

Дарыгерге канчалык тез кайрылса, дарылануунун жыйынтыгы ошончолук ийгиликтүү болот.

Эгерде бейтап дарыланбаса, илдет өнөкөткө айланып — майыптуулукка, ал эми эркектин тукумсуздугуна алып келиши мүмкүн.

Бруцеллездон сактануу үчүн эмне кылуу зарыл?

  • Ал үчүн малды кароодо, туукта көмөк көрсөтүүдө, ылаңдуу малды союп жатканда сөзсүз өздүк гигиена каражаттары (халат, резина колкап, клеенка алжапкыч, резина өтүк), жууучу жана тазалоочу, 3% каустика сода эритиндисин же лизолду, 3% хлор эритиндисин, 20% жаңы акиташтын эритиндисин колдонуу абзел.
  • Атайын колдонулуучу кийимди жумасына бир жолу жууп, ал эми ылаңдуу малды багууга туура келсе, алдын ала күн сайын 3% хлордуу эритме менен дезинфекциялап (тазалап) туруу керек.
  • Өлүк түшкөн түйүлдүктүн терисин сыйрып алууга тыюу салынат.
  • Баласалган түйүлдүктү жыйноодо ар дайым айры же темир шиштерди колдонгула.
  • Шаймандарды (айрыны, темир шиштерди жана у.с.) дезинфекциялоочу эритмелер менен тазалап же отко кактап коюу туура болот.
  • Малдын бала салып койгон жерин 10% хлордуу же 3% каустика содасынын эритиндиси менен залалсыздандырат.
  • Кыкты чогултуп үйүп, 4 ай тийбей коюшат.
  • Алдын ала салынуучу саманды өрттөп салуу шарттын талабы.

  • Бала салган же өлүк түшкөн түйүлдүктү, түйүлдүк чөбүн эч качан үй жаныбарларына (ит, мышыктарга) бербегиле;
  • Жүндөрдү болсо түктөп жыйнап, 3 ай кармоо шартка ылайык;
  • Терини туздап, 2 ай убакыт бою кармалышы зарыл;
  • Жаңы туулган козу же музоону турак жай, үйгө киргизүүгө болбойт, анткени алардан бруцеллез илдетин жуктуруп алуу мүмкүн;
  • Уйлар менен койлорду өз-өзүнчө кармоо туура, анткени илдет койлордон уйларга жугуп калышы мүмкүн;
  • Жумуш бүткөн соң колду сөзсүз самын менен жууп, андан кийин дезинфекциялоо абзел.

Бруцеллездун тамак аркылуу жугушун кантип алдын алууга болот:

  • Оорулуу малдын этин кеминде 3 саат кайнатып бышыруу керек;
  • Сүттү сөзсүз бышырып, ал эми сүт азыктарын (быштак, каймак) кайнатылган сүттөн гана жасоого тийиш;
  • Ветеринардык текшерүүсү гана бар базарлардан эт жана сүт азыктарын сатып алгыла.

Малдын саламаттыгы — бул үй-бүлөнүн саламаттыгы.
Алдын алуу чараларын аткаруу менен сак саламатта болуңуз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.