Жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде дүйнө жүзүндө КИЖСтен (СПИД) каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет.
Бул күн — АИВ/КИЖС (ВИЧ/СПИД) эпидемиясынан улам өмүрү үзүлгөн миллиондогон адамдарды эскерүү, ошондой эле АИВ-инфекциясынын алдын алуу, өз убагында тесттен өтүү жана дарылануунун маанилүүлүгүн эске салуу күнү болуп саналат.
2026-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясынын 15 732 учуру катталган, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандары арасында — 14 802 учур, чет өлкөлүк жарандар арасында — 930 учур. КИЖС стадиясында 1522 адамда катталган. Жалпы 3887 адам каза болгон, анын ичинде КИЖСтен — 1018 адам. Өлкөдө АИВ менен жашаган адамдардын болжолдуу саны 13 000ге жакынды түзөт.
“КИЖСтен каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүндө биз бул оорудан улам өмүрү үзүлгөн ар бир адамды эскеребиз. Бүгүнкү күндө АИВ— бул өкүм эмес экенин түшүнүү абдан маанилүү. Заманбап дарылоо адамдарга толук кандуу жашоого, эмгектенүүгө, үй-бүлө курууга жана келечек пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Эң башкысы — өз убагында АИВ-статусун билүү жана дарыланууну баштоо”, — деп белгиледи Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору директору Умуткан Чокморова.
Борбор ошондой эле АИВ менен жашаган адамдарга карата стигма жана дискриминацияга жол бербөө, өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана үзгүлтүксүз тесттен өтүү АИВ-инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдөгү маанилүү шарттар экенин эскертет.
Categories: АИВ/ЖИКС
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
1