Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ден соолукту чыңдоо жана калктын туруктуу гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте «Таза колдор — Таза суу — Таза чөйрө» улуттук маалыматтык-жүрүм-турум кампаниясын жүргүзүүдө.
Кампаниянын негизги максаты — калкты жугуштуу оорулардын алдын алууга, ошондой эле тазалык жана ден соолук маданиятын калыптандырууга багытталган жөнөкөй күнүмдүк адаттарга тартуу болуп саналат.
Кампаниянын алкагында төмөнкү адаттарды жайылтууга багытталган республикалык челлендж өткөрүлүүдө:
• Колдун гигиенасын сактоо;
• Таза сууну колдонуу;
• Курчап турган чөйрөнүн тазалыгын колдоо.
Катышуунун тартиби:
1. Бир же бир канча иш-аракетти камтыган жана мотивациялык чакырыгы бар кыска видеороликтерди (40–60 секунд) даярдоо:
• колду жуу;
• таза сууну колдонуу;
• курчап турган чөйрөнүн тазалыгын колдоо
Видео үчүн сунуштар:
• Кыскача баш сөз/киришүү;
• Иш-аракетти көрсөтүү;
• Жыйынтыктоочу чакырык (мисалы: «Мен тазалыкты тандайм. Ал эми сенчи?»);
• Кампаниянын ураанын милдеттүү түрдө колдонуу: «Таза колдор — Таза суу — Таза чөйрө» / «Чистые руки — Чистая вода — Чистая среда».
2. Видеороликтерди ушул жылдын (2026-ж) 1-майдан баштап, 1-декабрга чейинки аралыкта уюмдун социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялоо керек.
3. Кампаниянын хэштегдерин колдонууну унутпаңыздар
#ТазаКолТазаСуу
#ТазалыкАдаттары
#ДенСоолуктуТандаймын
4. Баракчаларды белгилөө:
@minzdravkg_official жана @densoolukinfo
5. Посттун текстинде гигиеналык адаттарды сактоонун маанилүүлүгүн кыскача көрсөтүү жана төмөнкү фразаны кошуу: «Челленджди … өткөрүп берем».
6. Челленджди 2–3 уюмду же катышуучуну белгилөө менен өткөрүп берүү.
Катышуучуларды сыйлоо
Кампанияны ишке ашыруунун алкагында катышуучуларды сыйлоо да каралган. Челлендж өткөрүлүп жаткан мезгилдин ичинде:
• уюмдардын катышуу портфолиосу түзүлөт;
• жарыяланган постторго, видеоматериалдарга жана ишке ашырылган тажрыйбаларга шилтемелер катталат;
• активдүүлүккө жана катышуу деңгээлине мониторинг жүргүзүлөт.
Бул үчүн уюмдарга/катышуучуларга кампанияга катышуу боюнча материалдарды чогултууну, системалаштырууну 2026-жылдын 5-декабрына чейин берүүнү камсыз кылуучу жооптуу адамды аныктоо керек.
Кампаниянын жыйынтыгы боюнча:
• Саламаттык сактоо министрлигинин, РДЧжМК борборунун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик комиссия тарабынан берилген материалдарга талдоо жүргүзүлөт;
• эң мыкты тажрыйбалар жана эң активдүү катышуучулар аныкталат;
• ар кандай номинациялар боюнча уюмдарды жана катышуучуларды сыйлоо каралган.
Сыйлоо форматтары жана номинациялар кампанияны ишке ашырууга кошулган салымдын жана катышуунун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.
Баалоо критерийлери:
• Катышуу активдүүлүгү (жарыяланган посттордун саны жана ырааттуулугу);
• Кампаниянын принциптерин иш жүзүндө ишке ашыруу;
• Кызматкерлердин жана максаттуу топтордун катышуу деңгээли;
• Мазмундун кампаниянын принциптерине шайкештиги.
Кампанияга катышуу алдын алуу иштерин күчөтүүгө, калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу гигиеналык адаттарды калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Categories: ДЕН СООЛУК, ЖАҢЫЛЫКТАР
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
41