ДЕН СООЛУК

«Таза колдор — Таза суу — Таза чөйрө» челленджин баштайбыз

19

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ден соолукту  чыңдоо жана калктын туруктуу гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте «Таза колдор — Таза суу — Таза чөйрө» улуттук маалыматтык-жүрүм-турум кампаниясын жүргүзүүдө.

Кампаниянын негизги максаты — калкты жугуштуу оорулардын алдын алууга, ошондой эле тазалык жана ден соолук маданиятын калыптандырууга багытталган жөнөкөй күнүмдүк адаттарга тартуу болуп саналат.

Кампаниянын алкагында төмөнкү адаттарды жайылтууга багытталган республикалык челлендж өткөрүлүүдө:

• Колдун гигиенасын сактоо;

• Таза сууну колдонуу;

• Курчап турган чөйрөнүн тазалыгын колдоо.

Катышуунун тартиби:

1. Бир же бир канча иш-аракетти камтыган жана мотивациялык чакырыгы бар кыска видеороликтерди (40–60 секунд) даярдоо:

• колду жуу;

• таза сууну колдонуу;

• курчап турган чөйрөнүн тазалыгын колдоо

Видео үчүн сунуштар:

• Кыскача баш сөз/киришүү;

• Иш-аракетти көрсөтүү;

• Жыйынтыктоочу чакырык (мисалы: «Мен тазалыкты тандайм. Ал эми сенчи?»);

• Кампаниянын ураанын милдеттүү түрдө колдонуу: «Таза колдор — Таза суу — Таза чөйрө» / «Чистые руки — Чистая вода — Чистая среда».

2. Видеороликтерди ушул жылдын (2026-ж) 1-майдан баштап, 1-декабрга чейинки аралыкта уюмдун социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялоо керек.

3. Кампаниянын хэштегдерин колдонууну унутпаңыздар

#ТазаКолТазаСуу

#ТазалыкАдаттары

#ДенСоолуктуТандаймын

4. Баракчаларды белгилөө:

@minzdravkg_official  жана  @densoolukinfo

5. Посттун текстинде гигиеналык адаттарды сактоонун маанилүүлүгүн кыскача көрсөтүү жана төмөнкү фразаны кошуу: «Челленджди … өткөрүп берем».

6. Челленджди 2–3 уюмду же катышуучуну белгилөө менен өткөрүп берүү.

Катышуучуларды сыйлоо

Кампанияны ишке ашыруунун алкагында катышуучуларды сыйлоо да каралган. Челлендж өткөрүлүп жаткан мезгилдин ичинде:

• уюмдардын катышуу портфолиосу түзүлөт;

• жарыяланган постторго, видеоматериалдарга жана ишке ашырылган тажрыйбаларга шилтемелер катталат;

• активдүүлүккө жана катышуу деңгээлине мониторинг жүргүзүлөт.

Бул үчүн уюмдарга/катышуучуларга кампанияга катышуу боюнча материалдарды чогултууну, системалаштырууну 2026-жылдын 5-декабрына чейин берүүнү камсыз кылуучу жооптуу адамды аныктоо керек.

Кампаниянын жыйынтыгы боюнча:

• Саламаттык сактоо министрлигинин, РДЧжМК борборунун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик комиссия тарабынан берилген материалдарга талдоо жүргүзүлөт;

• эң мыкты тажрыйбалар жана эң активдүү катышуучулар аныкталат;

• ар кандай номинациялар боюнча уюмдарды жана катышуучуларды сыйлоо каралган.

Сыйлоо форматтары жана номинациялар кампанияны ишке ашырууга кошулган салымдын жана катышуунун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.

Баалоо критерийлери:

• Катышуу активдүүлүгү (жарыяланган посттордун саны жана ырааттуулугу);

• Кампаниянын принциптерин иш жүзүндө ишке ашыруу;

• Кызматкерлердин жана максаттуу топтордун катышуу деңгээли;

• Мазмундун кампаниянын принциптерине шайкештиги.

Кампанияга катышуу алдын алуу иштерин күчөтүүгө, калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу гигиеналык адаттарды калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.