Күйдүргү (Сибирь жарасы) – өтө кооптуу, жугуштуу, ылаңдаган жаныбарлардан адамга жугуучу оору. Сибирь жарасы менен үй-жаныбарларынын бардык түрү ооруйт (ыландайт).
Жугуу жолдору:
• ылаңдуу малды багууда, тейлөөдө, чарбачылык буюмдары аркылуу (айры, күрөк, тырмоо ж.б.) жана микробу бар топурактын, кыктын чаңын дем алганда;
• ылаңдуу малды сойгондо, анын терисин сыйрыганда, этин устукандаганда, жүнүн кыркканда;
• эт жана сүт азыктарын чала бышырып пайдаланганда;
• малды союуда колдонулган буюмдар аркылуу (балта, бычак, идиш-аяк, сулгу ж.б.);
• ылаңдуу малдын этин, жүнүн, терисин ташыган унаа аркылуу;
• айрым учурларда көгөн чакканда да жугушу мүмкүн.
Адамдар көбүнчө тери түрүндөгү формасы менен оорушат.
Микроб кирген жеринде кызыл түстөгү кычышкан так пайда болот. Бир сутка аралыгында ошол тактын орду ыйлаакча болуп, түбү кара болгон жарага (карбункул) айланат. Бейтаптын дене табы жогорулап, башы ооруп, уйкусу качат. Жара жайылып, лимфа бездери чоңойот.
Жаранын өзү жана анын айланасындагы шишик кармаганда оорутпайт.
Ичеги түрүндөгүсү – эт жана сүт азыктарын чала бышырып азыктанган учурларда кездешет.
Өпкө түрүндөгүсү – тери, жүн иштетүүдө спорасы бар абаны, чаңды дем алганда жугат.
Ичеги жана өпкө түрүндөгү оорудан өз убагында дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал.
Илдетти алдын алуу:
- күйдүргүгө каршы жыл сайын үй-жаныбарларына эмдөө жүргүзгүлө;
- күйдүргүнүн очогу бар аймакта мал жайбагыла, ылаңга шектүү малды соёр алганда, сөзсүз түрдө ветеринардык адиске кайрылгыла;
- эт жана сүт азыктары текшерүүдөн өтпөгөн жерлерден сатып албагыла;
- малды тейлөөдө, союуда жеке тазалыкты сактоо зарыл;
- атайын кийимдерди кийгиле (алжапкыч, колкап, өтүк ж.б.), колуңарды самын менен жууп, жугушсуздандыруучу каражаттарды пайдалангыла.
Короодогу малдын ылаңдаганына шектенсеңиз тез арада ветеринардык адиске кайрылыңыз!
Өз ден соолугуңуз – өзүңүздүн колуңузда!
Categories: Жугуштуу оорулар
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
0