ДЕН СООЛУК

Лицейлерде сергек жашоо образы: РДЧжМКБ Ош шаарында мугалимдер үчүн окутуу семинарын өткөрдү

2

16–18-апрель күндөрү Ош шаарында кесиптик-техникалык лицейлердин окутуучулары үчүн жаштар арасында сергек жашоо образын (СЖО) калыптандырууга арналган окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, ошондой эле окуучулар арасында тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча системалуу мамилени киргизүү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар негизги темаларды өздөштүрүштү: ден соолук жана анын детерминанттары, өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү, менталдык ден соолук жана зыяндуу адаттардын алдын алуу. Мындан тышкары, катышуучулар кол гигиенасы боюнча да окутуудан өтүштү.

Өзгөчө көңүл өзүн-өзү жөнгө салуу, стресске туруктуулук жана жаштардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандыруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө бурулду.

Окутуу үчүн интерактивдүү ыкмаларды — талкууларды, ролдук оюндарды жана «мээ чабуулдарын» камтыган методикалык колдонмо иштелип чыкты.

Семинардын жыйынтыгында окутуучулар алынган билимдерди окуу процессине киргизип, жаштар арасында ден соолукту чыңдоого жана тобокелдик факторлорун азайтууга салым кошо алышат.

Categories: ДЕН СООЛУК

Leave a Reply

Your email address will not be published.