Менингит — бул мээнин жана жүлүндүн кабыкчаларынын сезгениши менен мүнөздөлгөн кооптуу жугуштуу оору.
Менингит менен ар кандай курактагы адамдар оорушу мүмкүн, бирок көбүнчө төмөнкүлөр жабыркайт:
• 5 жашка чейинки балдар
• өспүрүмдөр
• иммунитети алсырап калган адамдар
Оорунун себептери
Менингитти төмөнкүлөр козгойт:
• бактериялар (эң кооптуу түрү)
• вирустар
• сейрек учурларда — козу карындар жана башка микроорганизмдер
Эң кеңири таралган козгогучтар:
• менингококк
• пневмококк
• гемофилдик инфекция
Инфекция кантип жугат
• жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө (аба-тамчы жолу менен)
• оорулуу же алып жүрүүчү менен жакын байланышта болгондо
• кир колдор, суу жана тамак-аш аркылуу (айрым вирустарда)
Инфекция өзгөчө тез жайылат:
• бала бакчаларда
• мектептерде
• жатаканаларда
Менингит эмнеси менен кооптуу
• өтө тез өнүгүшү мүмкүн (24 сааттын ичинде)
• адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат
• майыптыкка алып келиши мүмкүн (угуу, көрүү, өнүгүү бузулушу)
Алгачкы белгилери
Башында оору сасык тумоо же гриппке окшош болушу мүмкүн:
• дене табынын жогорулашы (39–40°C)
• калтыроо
• баштын катуу оорушу
• алсыздык
• булчуңдардын оорушу
Менингиттин кооптуу белгилери
Бул белгилер пайда болсо, ДАРОО дарыгерге кайрылуу керек:
• кайра-кайра кусуу (жеңилдик бербейт)
• жарыктан көздүн уялуусу
• моюн булчуңдарынын чыңалышы (башты алдыга эңкейте албай калуу)
• катуу уйку басуу, аң-сезимдин бузулушу
• тырышуулар
• мүнөздүү абал (капталы менен жатып, башын артка кайрып алуу)
• исиркектер (айрыкча кан куюлган түрү)
1 жашка чейинки балдарда:
• эмгегинин томпоюшу
• алсыздык же ашыкча тынчсыздануу
• тамактан баш тартуу
Качан тез жардам чакыруу керек
Төмөнкү учурларда дароо медициналык жардамга кайрылыңыз:
• жогорку температура түшпөй жатса
• кусуу жана баштын катуу оорушу болсо
• тырышуулар же исиркектер пайда болсо
• бала алсыз болуп, реакциясы начарласа
Бактериялык менингит стационарда шашылыш дарылоону талап кылат.
Менингитти алдын алуу
1. Эмдөө — эң натыйжалуу коргонуу жолу
Төмөнкү инфекцияларга каршы вакциналар бар:
• менингококк (КР эмдөө календарына толук кире элек)
• пневмококк
• гемофилдик инфекция
Эмдөө:
• оорунун коркунучун азайтат
• оор кесепеттердин алдын алат
Балаңыз Улуттук эмдөө календары боюнча өз убагында эмделгенин текшериңиз.
2. Гигиенаны сактоо
• колду самындап жуу
• таза же кайнатылган суу ичүү
• жашылча-жемиштерди жууп жеш
• жалпы идиш-аякты колдонбоо
3. Оорунун күчөшү учурунда
• эл көп чогулган жерлерден алыс болуу
• оорулуу менен байланышта маска тагынуу
• бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетүү
• беттерди дезинфекциялоо
Эсиңизде болсун
• Менингит — жөнөкөй сасык тумоо эмес
• Оору өтө тез өнүгүшү мүмкүн
• Эрте медициналык жардам өмүрдү сактайт
Categories: Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу, Менингит ●
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
5 

